Чүйдө бир катар социалдык объектилер оңдолду

Чүйдө бир катар социалдык объектилер оңдолду

Чүй облусунун 88 айылындагы жергиликтүү тургундарды эски социалдык объектилерди оңдоп, жаңысын курууга мобилизацияланды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) аткаруучу директору Бекжан Супаналиев билдирди.

Анын айтуусунда, жалпысынан 37 кичи долбоорду ишке ашырылды.  Саламаттыкты сактоо объектилерине 11 кичи долбоордук сунуштар кирген: ФАПтар, ҮДТ имараттары курулуп, Кемин аймактык ооруканасынын инфекциялык бөлүмү жана Жайыл районунун ОТБ реанимация бөлүмү ремонттолду.

Билим берүү жаатында 19 кичи долбоордук сунуштар колдоого алынды: 12 бала бакча, 3 спорт зал курулду, 4 билим берүү мекемесинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Айыл чарбасын жана ишкердикти өнүктүрүү багытында 7 объект бүткөрүлдү: Кара-Балта дарыясынын баш түзүмүн оңдоо, Ак-түз айылында канализация системасын тазалоочу жайды куруу,  Р-1, Р-2, Р-3, «Сай» жана «Люцерна» каналдарын оңдоо, жол боюндагы эки комплексти куруу.

Долбоорго 11 миллион АКШ доллары сарпталды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: АРИС Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>