«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Чүйдө изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгүн тургундар тапты
27.07.2022 | 11:07
Чүйдө бир нече күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгүн жергиликтүү тургундар тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй районуна караштуу Шамшы айылында Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 16 жашар А.Ч. аттуу өспүрүмдү издөө бир нече күндөн бери уланып келген.
Аны издөөгө кечээ жалпысынан 30 куткаруучу тартылып, кеч киргенине байланыштуу издөө убактылуу токтотулган.
Ал эми бүгүн таңкы саат 6:10 чамасында жогоруда аталган өспүрүмдүн сөөгү Чүй районуна караштуу Алга айылынын сугат арыктарынын биринен жергиликтүү тургундар табышкан.
Табылган өспүрүмдүн сөөгүн жергиликтүү тургундар ИИБнын адистерине өткөрүп беришти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом