Чүйдө чет элдик жарандарга мыйзамсыз жол менен визаларды алып берип жүргөн деген шек менен 36 жаштагы чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 14-майда Кемин райондук милициясына Кароол-Дөбө айылынын мейман үйлөрүнүн биринде чет элдик жаран тиешелүү уруксат кагаздарсыз жашап, иштеп жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 19 жаштагы Б.А. аттуу чет элдик жарандын өздүгү такталган. Ал 2025-жылдын 14-мартынан бери Кароол-Дөбө айылындагы жоопкерчилиги чектелген коомдордун биринде куруучу болуп иштеп жүргөн аныкталган. Текшерүү маалында анын жанынан жасалма виза табылган.
Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 168-беренесинин (мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголду.
«Тергөөнүн жүрүшүндө 36 жаштагы Ж.М. аттуу чет элдик жаран, жоопкерчилиги чектелген коомдун биринде бухгалтер болуп иштеп жүрүп, чет элдик жарандарды этникалык кыргыздар катары жумушка тартуу менен мыйзамсыз схема уюштурганы аныкталды. Ал чет элдиктерге расмий жумушка орношуу жана Кыргызстанда мыйзамдуу жашоо үчүн уруксат кагаздарын алып берүүнү убада кылып, бирок анын ордуна улутуна тиешелүү жалган маалымат камтылган жасалма документтерди даярдап келген. Андан кийин бул жасалма маалыматтар Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына киргизилип, “M-Visa to ethnic Kyrgyz” категориясындагы бир жылдык визалар жасалган»,- деп айтылат маалыматта.
Милиция алдын ала маалыматтар боюнча, бул схеманын негизинде 200дөн ашуун чет элдик жаран ушундай визаларды алып, азыркы учурда да иштеп жүрүшкөнүн билдирди. Алардын арасында жогорудагы Б.А. жаран да бар.
Мындан улам 31-майда Ж.М. кармалган. Учурда ал соттун чечими менен эки айга камакка алынган. Тергөө иштери уланууда.