Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Чүйдө достору сабаган жаран ооруканада каза болду
27.03.2023 | 11:35
Чүйдүн Кемин районунда досторунун ур-токмогунан улам 38 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-мартта Кемин районунда 37 жаштагы К.Р., 38 жаштагы А.Ф. жана А.Э. аттуу жарандар суу сактагычтын жээгинде эс алып, ичимдик ичип отурган. Бир маалда достордун ортосунда кайым айтыш чыгып, мушташа кетишкен. Натыйжада 38 жаштагы А.Э. достору тарабынан сабалып, ооруканага жеткирилген. Эки күндөн кийин ал көз жумган.
Бул факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү) кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 37 жаштагы К.Р. жана 38 жаштагы А.Ф. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз