«Мекен-карта» алуунун акысы жана артыкчылыгы

«Мекен-карта» алуунун акысы жана артыкчылыгы

Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, башка өлкөнүн паспортун алган мекендештер үчүн «Мекен-картага» документтерди кабыл алуу башталды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, ушул жылдын 13-мартынан тартып чет өлкөлүк паспорту бар мекендештер «Мекен-карт» документин алуу үчүн тийиштүү документтерди тапшыра алышат.

“Мекендештин статусун алуу процесси өтө жөнөкөй жана чет өлкөлүк жарандарга – Кыргызстандын мурдагы жарандарына, алардын балдарына жана неберелерине жеткиликтүү. Кыргызстандын аймагында кайрылуу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна кайрылуу жана 10 000 сом өлчөмүндөгү мамлекеттик алымды, ошондой эле «Мекен-карта» документин кабыл алуу, берүү, даярдоо жана персонификациялоо боюнча 1315 сом суммасында чыгымдарды төлөө керек.

Эгерде арыз ээси чет өлкөдө болсо, анда Кыргызстандын чет өлкөлүк өкүлчүлүгүнө тийиштүү документтерди тапшырып, 10 618 сом жана 40 АКШ долларын консулдук жыйым катары төлөй алат”, — деп айтылат маалыматта.

Арыздарды кароонун мөөнөтү жалпы тартипте 3 айды, жөнөкөйлөтүлгөндө 1,5 айды түзөт. Эгерде чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын жарандыгынан чыккан учурдан тартып алты ай өтө элек болсо, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.

«Мекен-карт» алган кыргызстандыктарга «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш» деген макам берилет. Аларга төмөнкүдөй укуктар берилет:

— Тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгууга;

— Уруксат албай эле иштөөгө;

— Билим алууга;

— Медицина кызматын колдонууга;

— Ата-энеси же башка жакындарынан мураска калган жер үлүшүн 10 жыл колдонууга шарт түзөт;

— «Мекен-карт» 10 жылга чейин жарактуу.

Коопсуздуктан улам документ Кыргызстан менен коңшу Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын жарандыгын алган кыргызстандыктарга берилбейт.

«Мекен-картты» башка мамлекеттин жарандыгын алган кыргызстандыктардын түгөйлөрү да ала алышпайт.

Мындан тышкары «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш» макамы мурда соттолгон, эркинен ажыратылган, коопсуздукка коркунуч келтирген адамдарга, террордук, экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө берилбейт.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>