Депутат Абиров мушташтан кийин мандатын тапшырууну чечти

Депутат Абиров мушташтан кийин мандатын тапшырууну чечти

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров мандатын тапшыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ал соцтармактардагы баракчасына жазды.

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Менин катышуумдагы акыркы болуп өткөн окуя коомчулук арасында кызуу талкуу жаратты. Окуянын олуттуулугун толук түшүнүп, жоопкерчиликти сезип жаткандыгымды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди дагы бир жолу баса белгилейм.

Ушуга байланыштуу, мен, окуяны талдап, терең ой жүгүртүп, өз каалоом менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын тапшыруу чечимин кабыл алдым.

Албетте, бул чечимди кабыл алуу оңойго турган жок, анткени борбор калаабыздын Ленин районундагы 11 813 шайлоочу мага ишенип, алардын өлкө парламентиндеги өкүлү болуу укугун берди эле. Тилекке каршы, болуп өткөн окуядан кийин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызматын мындан ары аркалоого моралдык укугум жок деп эсептейм.

Жалпыңыздардын алдыңыздарда, Аргенден жана анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан, ошондой эле мага ишеним көрсөткөн шайлоочуларымдан жана командамдан чын жүрөктөн кечирим сураймын”, — деп жазды Жаныбек Абиров.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда кафелердин биринде эки адам ур-тепкиге алынганы тартылган видео тараган. Жабыркаган адамдар ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери экени айтылууда. Ал эми, алардын бирөөсүн ур-тепкиге алган адам Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени белгилүү болгон.

Милиция окуянын катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген. Милицияга Д.А. аттуу жаран кайрылып, 12-мартта саат 03:30 чамасында Элебаев көчөсүндөгү ресторандардын биринде аны белгисиз адам сабаганын билдирген. Натыйжада жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылган. Анын башынан жаракат алганы аныкталган. Ур тепкиге кабылган жаран ооруканага жаткырылган.

14-мартта Жаныбек Абиров аталган окуя боюнча үн катып, сабалган жарандан жана элден кечирим сураган.

Бул окуядан кийин Башкы прокурор Жогорку Кеңешке депутат Жаныбек Абировду айыпкер катары жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизген. 

15-мартта Жогорку Кеңеште Башкы прокурордун сунушун кароо боюнча атайын комиссия түзүлгөн. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>