Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Чүйдө эки унаа бетме-бет сүзүшүп, төрт адам жабыркады – видео
10.02.2023 | 11:42
Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 19,5-чакырымында эки унаа сүзүшүп, төрт адам жабыркады. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 9-февралда саат 17:00 чамасында болгон. Mercedes-Benz W220 унаасынын 31 жаштагы А.У.К аттуу айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып, рулга ээ боло албай, карама-каршы тилкеге чыгып кетип, Mercedes-Benz Sprinter унаасы менен сүзүшкөн.
Кырсыктын айынан Mercedes-Benz W220 унаасынын айдоочусу А. У.К, Mercedes-Benz Sprinter унаасынын 44 жаштагы айдоочусу Ж.Т.А. жана 73 жаштагы А.А.А. жана 32 жаштагы В.Э.Э. аттуу жүргүнчүлөр жабыркап, Кант шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз