Кыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулатФеликс Кулов Казакстандын жаңы Конституциясына баа берди: алдыга карай чоң кадам жана «кош бийлик» тобокелдиктериПрезидент бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койду
Чүйдө имамга унаа белек кылышты
10.05.2025 | 11:39
Чүй облусунун Панфилов районундагы Букара айылынын тургундары айыл имамы Мирлан Курманалиевге Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты.
Муфтияттан билдиришкендей, бул белек имамдын айыл жашоочуларына көрсөткөн эмгегине, динге жана коомчулукка кылган кызматтарына ыраазычылык катары берилди. Айыл тургундары имамдын талыкпаган аракети, ак ниети жана эл арасындагы ынтымакты бекемдөөгө кошкон салымы зор экенин, анын кызматтары ар дайым баалуу экенин белгилешти.
Өз кезегинде Мирлан Курманалиев бул белекке ыраазычылык билдирип, мындан ары да эл үчүн талбай кызмат кылууга даяр экенин айтты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар