Чүйдө мектеп окуучуларынын массалык мушташкан. Милиция иш алып барууда

Чүйдө мектеп окуучуларынын массалык мушташкан. Милиция иш алып барууда

Бишкек шаарында жакын Кожомкул айылында 50дөй мектеп окуучулары массалык түрдө мушташкан. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-майда саат 21:30 чамасында Сокулук райондук милициясына Кожомкул айылындагы Ала-Арча жана Пионерская көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен 50 өспүрүм мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге райондук милициянын ыкчам-тергөө барган учурда мушташтын катышуучулары болгон эмес, бирок күбөлөр окуя болгонун ырастап беришкен. Алардын айтымында, мектеп окуучуларынын ортосунда массалык жаңжал чыгып, андан кийин тарап кетишкен.

«Мушташ Бишкек шаарына караштуу Новопавловка айылындагы эки мектептин 8-9-класстарынын окуучулары менен Кожомкул айылындагы мектептин окуучуларынын ортосунда чыккан. Жаңжал Новопавловка айылынан А. аттуу окуучу менен башка бир окуучунун ортосундагы чатактан улам башталган. Үч өспүрүм жабыркап, медициналык жардам алышкан жана үйүнө чыгарылган»,- деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери жаңжалга катышкан окуучулардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Окуянын жагдайлары талкууланып, өспүрүмдөрдүн жүрүм-туруму үчүн жоопкерчилик бар экени эскертилип, ата-энелерге балдарына көзөмөлдү күчөтүү сунушталган.

Чүй ОИИББ учурда мушташка катышкан бардык тараптарды аныктоо, материалдар боюнча текшерүү иштери уланып жактанын, анын жыйынтыгында укуктук баа берилерин билдирди.

Тэги: мушташ Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>