Бир жылда акыйкатчыга сот отурумдарына арызданып, 800дөн ашык адам кайрылганДепутат Cool Bros тигуучу фабрикасы мыйзамсыз тартып алуу боюнча билдирүү жасадыБишкекте 600 гараждын ордуна 1 миң 200 орундуу жаңы мектеп курулуудаЖогорку Кеңеште депутаттардын сүйлөөлөрүн спикер менен макулдашуу талабы киргизилдиРуслан Суйналиев финансы министри болуп дайындалды. Президент кол койдуКыргызстан дүйнөгө баратат: заманбап тейлөө жаратуу менен өзгөчөлүктү кантип сактап калуу керек?
Чүйдө мурдагы аялын сабап, уурдап кеткен жаран кармалды
11.11.2024 | 18:02
Чүйдө мурдагы аялын уурдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 10-ноябрда саат 20:45тер чамасында “Гавайи” эс алуу жайында кыз кишини мурдагы күйөөсү сабап, күч колдонуп унаага салып, белгисиз тарапка алып кеткен.
Аталган окуя тууралуу кабар түшөрү менен жол тескөөчүлөрү кармоо иштерине киришип, мурдагы аялын уурдап бараткан Audi унаасынын айдоочусун кармаган. Айдоочу 31 жаштагы М.Р. аттуу жаран болуп чыккан.
Шектүү милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
