Чүйдө мурдагы оорукананын имараты мамлекетке кайтарылды, эми ал облустук төрөт үйү болот

Чүйдө мурдагы оорукананын имараты мамлекетке кайтарылды, эми ал облустук төрөт үйү болот

Чүйдө мурдагы оорукананын имараты мамлекетке кайтарылды, эми ал облустук төрөт үйү болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аталган имарат Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жайгашкан. Ал мурда жеке менчикке өтүп кетип, жакында мамлекетке кайтарылган.

Өлкөдөгү административдик-аймактык реформанын алкагында Чүй төрөт үйүнүн имараты Бишкектин карамагына өткөндүктөн, Чүйдө жаңы төрөт үйү керек болгон. Ага байланыштуу мамлекетке кайтарылган имаратты төрөт үйү кылуу чечими кабыл алынган. Анда 100 орун болот.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев облустагы координатор Алмаз Назарбековго имаратты оңдоо иштерине канча каражат кетерин эсептеп чыгууну, керектүү медициналык жабдыктардын тизмесин түзүүнү жана министрликке берүүнү тапшырган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>