Чүйдө өспүрүмгө бычак сайып, мазактаган жигит кармалды

Чүйдө өспүрүмгө бычак сайып, мазактаган жигит кармалды

Чүйдө өспүрүм балага бычак сайып, мазактаган жигит кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга белгисиз жигит өспүрүмгө бутун кыйнап өптүртүп жатканы тартылган видео тараган. Видеодон өспүрүм бала санына бычак жегенин көрүүгө болот.

Милиция билдиргендей, 25-июлда өспүрүмдүн апасы Сокулуктун милициясына арыз жазып, И. аттуу жигит уулуна бычак сайганын билдирген.

Анын 16 жаштагы уулу алган жараатынан улам ооруканага жаткырылган.

Аталган факт боюнча «бейьаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 19 жаштагы И.Ч. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда бул иш боюнча соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>