ИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча төрт киши кармалдыБишкек менен Чүйдө бодо малды семиртүү менен алектенген фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилетЕАӨБ Ошто жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн кредит беретЯпония ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык жаштарга инклюзивдик долбоордун алкагында стажировкаларды уюштуратЖККУ глобалдык тобокелдиктерди баалоодо аналитикалык борборлорго таянууга чакырдыКазакстан радиациялык мониторинг боюнча КМШ макулдашуусун ратификациялады
Чүйдө сегиз кыргоол аткан браконьерлер кармалды
08.11.2024 | 17:23
Чүйдүн Аламүдүн районунда браконьерлер кармалды. Бул тууралуу Экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматы боюнча, браконьерлер 8 кыргоолду атып, мыйзамсыз түрдө курал алып жүргөнү аныкталган.
Аларга кыргоолдорду атканы үчүн жалпы 40 миң сом айып салынат (ар бирөө үчүн 5 миң сомдон).
Браконьерлик жасаган адамдарды көргөндөр министрликтин 108 номерине кабар берсе болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом