Мүлктү камакка алуу, карыз алуучуну коргоо жана айып пул: КРда мыйзам долбоору даярдалдыЫсык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого үч жылдык мораторий киргизилдиМинистрлер кабинети ак кантты, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып келүүгө алты айга тыюу салдыБийлик маселени талкуулап жаткан чакта, Таш-Мойноктун балдары мектепке 2 км жөө каттоодоУлуттук музейде Лейлек килемдеринин фестиваль-жарманкеси ачылдыКыргызстан коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасын Душанбеде тааныштырды
Бишкекте тайбокс боюнча өлкө чемпионаты өтөт
08.11.2024 | 16:40
Бишкекте тайбокс боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 10-11-ноябрда борбор калаадагы “Газпром” спорт комплексинде өтөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Спортчулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
Эркектер: 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 81, 86, 91, +91 кг;
Кыз-келиндер: 48, 52, 56, 60, 65 кг.
Чемпионат Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргызстандын тайбокс федерациясы тарабынан уюштурулат.