Чүйдө тергөөчүгө пара берүүгө шектелип аял кармалды

Чүйдө тергөөчүгө пара берүүгө шектелип аял кармалды

Чүй облусунда милиция кызматкерине пара берүүгө шектелип 36 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 17-май күнү Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматына М.Н. аттуу жаран «Бейбаштык» фактысы боюнча арыз менен кайрылган. Ал тергөөчүдөн Г. аттуу жаранга чара көрүүнү жана аны коркутууну суранган. Мындан тышкары ал тергөөчү чечимди анын пайдасына чыгарсын деген максатта, тергөөчүнүн электрондук капчыгына мобилдик тиркеме аркылуу акча каражатын которгон.

Тергөөчү бул факт боюнча жетекчиликке билдирген. Ал эми которулган акча каражаты пара берүү катары бааланган.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин (пара берүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү пара берүүгө шектүү 1989-жылы туулган М.Н. аттуу жаран кармалган.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Тэги: Пара Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>