Чүйдө унаа айдап качкан делип үч жаш бала кармалды
Бишкектен унаа уурдоого шектелүүлөр Чүйдүн аймагынан кармалды. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-июлга караган түнү белгисиз адамдар Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунан “Мерседес-Бенц” унаасын айдап качып кетишкен.
Чүй облусунун аймагында “Унаа издөө” рейддик иш-чарасын жүргүзүү учурунда ЖКККБнын кызматкерлери Кемин районунан унаа уурдоого шектүү катары 2005-жылы туулган К.Р.З, 2004-жылы туулган Ж.А. уулу жана 2006-жылы туулган Т.Р.М. аттуу жаш балдарды кармаган.
Шектүүлөр Кемин райондук милициясына өткөрүлүп берилип, уурдалган унаа атайын унаа токтотуучу жайга коюлган.
Учурда терөө амалдары жүрүүдө.
Эскерте кетсек, “Унаа издөө” рейддик иш-чарасы 25-26-июль күндөрү өткөрүлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз