Чүйдө унаа айдап качкан делип үч жаш бала кармалды

Чүйдө унаа айдап качкан делип үч жаш бала кармалды

Бишкектен унаа уурдоого шектелүүлөр Чүйдүн аймагынан кармалды. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-июлга караган түнү белгисиз адамдар Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунан «Мерседес-Бенц» унаасын айдап качып кетишкен.

Чүй облусунун аймагында «Унаа издөө» рейддик иш-чарасын жүргүзүү учурунда ЖКККБнын кызматкерлери Кемин районунан унаа уурдоого шектүү катары 2005-жылы туулган К.Р.З, 2004-жылы туулган Ж.А. уулу жана 2006-жылы туулган Т.Р.М. аттуу жаш балдарды кармаган.

Шектүүлөр Кемин райондук милициясына өткөрүлүп берилип, уурдалган унаа атайын унаа токтотуучу жайга коюлган.

Учурда терөө амалдары жүрүүдө.

Эскерте кетсек, «Унаа издөө» рейддик иш-чарасы 25-26-июль күндөрү өткөрүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ЖКККБ Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>