26-декабрга карата аба ырайыБишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюшту
Чүйдө унаа уурдап качкан адам жол кырсыкка кабылды
17.12.2022 | 09:15
Чүй облусунун Аламүдүн районунда унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Сентябрь айында жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, К.Т. аттуу жаран 14-сентябрда Ак-Жар жаңы конушунда үйдүн короосунан «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетип, андан соң жол кырсыгына кабылган. Уурулук фактысы боюнча кылмыш иши козголду», – деп билдиришти милициядан.
Шектүү издөөгө алынган. Аламүдүн районунун милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 31 жаштагы жаранды кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар