Бюджетке 7 млн сом кайтарган. Курманбек Дыйканбаев акталды

Бюджетке 7 млн сом кайтарган. Курманбек Дыйканбаев акталды

Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаевди Жогорку сот актады. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Соттук коллегия Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Курманбек Дыйканбаевдин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталды. Прокурорлордун сунушу канааттандырылган жок.

Эске салсак, Курманбек Дыйканбаев 2020-жылдын 24-ноябрында Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмышка шектүү катары кармалган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча ал 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо учурунда кайсы бир саясий партиянын кызыкчылыгы үчүн стратегиялык мааниге ээ мекеменин жетекчисинен 7 млн сом талап кылып, баш тарта турган болсо кызматтан кетирерин айткан.

Ошондай эле ал жеке кызыкчылыгын көздөп мыйзамсыз алган акчаны шайлоодо көп добуш алуу үчүн үгүт өнөктүгүнө жумшаган.

Кийинчерээк Курманбек Дыйканбаевдин УКМКнын эсебине 7 миллион сом которгону маалым болгон.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>