Чүйдө жайлоодон үч баш жылкы уурдаган эки адам кармалды

08.09.2022 | 13:49

Чүйдө мал уурулукка шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Москва райондук ички иштер бөлүмүнө Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 2022-жылдын август айында Москва районунун аймагындагы Кара-Суу жайлоосунан белгисиз адамдар үч баш жылкысын уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (Уурулук) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.

Чүй ОИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана Москва РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, бул кылмышка шектүү болуп 1977-жылы туулган Ж.А. жана 1995-жылы туулган А.Ж. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top