Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
УКМК: Ичимдиктерди мыйзамсыз өндүргөн адамдар кармалды
08.09.2022 | 14:10
Жалал-Абад шаарында спирт ичимдиктерин мыйзамсыз өндүргөн адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-сентябрда колго жасалган алкоголдук ичимдиктердин ири партиясы аныкталган. Үч дарек боюнча тинтүү иштери жүргүзүлүп, жасалма алкоголдук ичимдиктер, жасалма акциздик маркалар, алкоголдук ичимдиктерди сатуудан түшкөн акча каражаттары, ар кандай шыпкалоочу шаймандар табылган.
Мыйзамсыз жол менен өндүрүлгөн ичимдиктер шаардагы дүң соода түйүндөрүнө, тойкана-кафелерге сатылып турган.
Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 240-беренеси (Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом