Чүйдө жайлоого кетип дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү табылды

Чүйдө жайлоого кетип дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү табылды

Чүйдүн Кемин районунда жайлоого кетип дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, Тар-Суу айылынын 43 жаштагы тургуну (Ш.М.) 29-ноябрда Жалгыз-Тал жайлоосундагы сарайда турган досуна учурашканы кеткен. Кийинчерээк анын аты кайтып келип, бирок өзү жок болгон. Бул тууралуу милицияга 1-декабрда кабарланган. Эртеси күнү милиция дайынсыз жоголгон жаран тууралуу ӨКМге кабарлап, издөө иштери башталган.

Бүгүн, 4-декабрда издөө иштерине 4 куткаруучу, 50 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 40 адам, жалпы 94 киши чыккан.

Издөө иштеринин жүрүшүндө саат 13:30да дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү Чоң-Кемин суусунан жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ӨКМ Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>