Чүйдө 64 жаштагы аял башка бирөөгө таандык 2 гектар жерди сатам деп, жарандын 46,5 миң доллар акчасын алдап алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу аталган облсутук милициясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 28-апрелде Сокулук районунун милиция бөлүмүнө 58 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну К.Ж. арыз менен кайрылып, 2019-жылы Д.Г. аттуу жаран Кожомкул айылындагы (эски Военно-Антоновка) 2 гектар жерди сатам деп, анын 46 миң 500 долларын алганын билдирген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн жер тилкеси башка адамдарга таандык экендиги маалым болгон.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам тергөөнүн натыйжасында, кылмышка шектүү катары 64 жаштагы Д.Г. аттуу жаран (аял киши) аныкталган.
12-майда шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, үйүнөн мөөрлөр, нотариалдык бланктар, реестр журналы жана башка документтер табылган. Ошол эле күнү шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.