Кыргызстанга документтери жок 400 граммга жакын алтын жана 2 кг күмүш алып кирүүгө аракет кылышкан«Биз Амирчикти өлкөгө кайтардык» — орусиялык композитор Виктор ДробышЯпония Кыргызстанга 3,5 млн долларлык жол куруу техникасын берет2027-жылдан тарта Кыргызстанда инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштей баштайтАчык аба ырайы жана +23°Cге чейин жылыйт: 20-октябрга карата аба ырайыСамаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугушту
Төрага: Министрликтин экиге бөлүнүшү — келечек үчүн туура кадам
13.05.2025 | 14:44
Билим берүү жана илим министрлигинин экиге бөлүнүшү өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү чечим болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн, 13-майда, илим, жогорку билим жана инновациялар министри кызматына талапкер Бактияр Орозов менен жолугушууда билдирди.
Төрага министрликти бөлүү демилгесин мурдараак Элдик курултайда көтөргөнүн эске салып, бул чечим аркылуу билим берүү тармагына чоң реформалар киргизиле турганын белгиледи.
«Азыр жаңы технологиялардын заманы. Университеттер менен илимий мекемелер жаратмандардын устаканасына айланышы керек», — деди ал. Ошондой эле талапкерди ыкчам иштеп, жыйынтык көрсөтүүгө чакырды.
Парламент министрликтерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар