ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Чүйдөгү жол кырсыкта эки адам унаага кыпчылып калды
15.07.2022 | 09:56
Москва районунда катталган жол кырсыктан эки адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Беловодское айылынын Колхозная жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде “Форд Транзит” жана “Вольво” оор жүк ташуучу унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен 2 адам кыпчылып калган. Алар – 1994-жылы туулган С.И. – аял жана 2000-жылы туулган П.А. – эркек киши.
Окуя болгон жерге 5 куткаруучу тартылып, жарандарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом