АФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулатКытай 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү болдуБишкекте Маалыматтык коопсуздук борборунун имараты ачылдыЖККУнун «Кант» авиабазасынын аскер кызматкерлери муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам бериштиОрмуз кысыгынын тосулушу Европага масштабдуу энергетикалык сокку менен коркунуч туудурууда
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы грузин тилинде жарык көрдү
24.08.2023 | 14:09
Кыргызстандын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата чыгармалар жыйнагы грузин тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Азербайжан жана Грузиядагы элчиси Кайрат Осмоналиев билдирди.
Анын айтымында, жыйнак элчиликтин демилгеси менен Кыргызстандын ардактуу консулдары Арчил Мазиашвили менен Эднар Папунайшвилинин колдоосу менен жарык көргөн.
Китептин кириш сөзү жазуучунун уулу, экс-тышкы иштер министри Аскар Айтматов тарабынан жазылган. Китептин бет ачары күзүндө Тбилисиде өткөрүлөт.
Жыйнакка “Биринчи мугалим”, “Кызыл жоолук жалжалым, “Ак кеме” сыяктуу повесттер кирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом