«Кыргызкөмүр» 2025-жылы боюнча 1 млн 385 миң тонна көмүр өндүргөн2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу сот иштери 24%га өстүКыргызстандын бизнеси 2025-жылдын I жарым жылдыгында ЕАЭБ өлкөлөрүнө 82 млн долларга жакын инвестиция салдыКазакстандын Энергетика министрлиги 2026-жылга карата мунай өндүрүү болжолун 98 млн тоннага чейин төмөндөттүБУУнун Коопсуздук кеңеши Жакынкы Чыгышта ок атууну токтотуу боюнча резолюциянын долбоорун четке кактыКыргызстан ЕАЭБде LED лампаларын импорттоого 5%дык алымды кайтарууну сунуштоодо
Чыйырчык ашуусуна Алымбек датка менен Курманжан датканын айкелдери орнотулду
11.09.2025 | 10:18

Алай районундагы Чыйырчык ашуусуна тарыхый инсандар — Алымбек датка менен Курманжан датканын айкелдери коюлду. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгү кабарлады.
Айкелдер орнотулган аймакта конок тосууга ылайык шарттар түзүлүп, атайын жай курулду. Анда:
- тамактануучу жай,
- фотозона,
- намазкана,
- терраса жана эс алуу зонасы бар.
Мындан тышкары, Чыйырчык ашуусунан Алай районунун кире беришине чейинки 9,5 чакырым жол толук жарыктандырылды. Бул иштерге жалпысынан 9,7 млн сом каражат жумшалганы маалымдалды.