Нарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды21-октябрдан тарта Бишкектин «Ак-Жар» конушунан № 31 автобус каттай баштайт
Чыйырчык ашуусуна Алымбек датка менен Курманжан датканын айкелдери орнотулду
11.09.2025 | 10:18

Алай районундагы Чыйырчык ашуусуна тарыхый инсандар — Алымбек датка менен Курманжан датканын айкелдери коюлду. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгү кабарлады.
Айкелдер орнотулган аймакта конок тосууга ылайык шарттар түзүлүп, атайын жай курулду. Анда:
- тамактануучу жай,
- фотозона,
- намазкана,
- терраса жана эс алуу зонасы бар.
Мындан тышкары, Чыйырчык ашуусунан Алай районунун кире беришине чейинки 9,5 чакырым жол толук жарыктандырылды. Бул иштерге жалпысынан 9,7 млн сом каражат жумшалганы маалымдалды.