АКШ Борбор Азияга ким менен кызматташуу керектигин таңуулабайт — РубиоБоом капчыгайында таш түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жарым-жартылай жабылат«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтардыКорей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөт
Кыргызстан менен Азербайжан бажы тармагында кызматташтыкты чыңдоодо
11.09.2025 | 10:02

Түркстан шаарында Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик бажы мекемелеринин жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Бажы кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Алмаз Салиев менен Шахин Багиров эл аралык соода процесстерин жөнөкөйлөтүү жана ылдамдатуу боюнча практикалык кадамдарды талкуулашкан. Бул аракеттер эки өлкөнүн ортосунда товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана бажы органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн бажы кызматтарынын ортосунда алдын ала маалымат жана импорттук-экспорттук операциялар боюнча маалымат алмашууну ишке ашыруу ниети тууралуу макулдашууга жетишилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика