Өлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлат
Нигерияда кибершылуундукка шектелген эки кыргызстандык мекенине кайтарылды
11.09.2025 | 10:25

2025-жылдын август айында Нигериянын Лагос шаарында кибер алдамчылыкка шектелип кармалган Кыргызстандын эки жараны мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Эске салсак, аларды 2024-жылдын декабрь айында Нигериянын Экономикалык жана каржылык кылмыштар боюнча комиссиясы кармаган.
ТИМдин маалыматына ылайык, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо алкагында консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп, алардын туугандары жана адвокаттары менен үзгүлтүксүз байланыш уюштурулган. Ошондой эле кырдаалды жөнгө салуу жана бошотуу үчүн Нигерияга эки жолу консулдук сапар жасалган.