COVID-19: Өмүрбек Бабанов жаңы оорукана ачууда

COVID-19: Өмүрбек Бабанов жаңы оорукана ачууда

«Республика» саясий партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов коронавирус илдетинен жабыркагандар үчүн оорукана ачат. Бул тууралуу саясатчы өзү фейсбук баракчасына жазды.

“Учурда бул илдетке жеңил жана орточо оордукта чалдыккандар текшерилип, дарылануусу үчүн мейманкананын негизинде күнү-түнү иштечү оорукананын убактылуу бөлүмүн ачып жатабыз.

Мен DISCOVERY отелинин ээлери – досторум Руслан Хамхоев менен Жамал Ибрагимовго элибизди ойлоп, бизге отелин бергендиктери үчүн чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем! Алар коронавируска байланыштуу ансыз деле 3-4 ай иштебей, чоң чыгымдарга кабылгандарына караган жок.

Ал эми мен болсо иш алып бара турган дарыгерлердин, медайымдардын жана отель кызматкерлеринин айлык акысын, тамак-ашын, ал жерде жашоо шартын, жана техникалык муктаждыктарды камсыздоону өзүмө алам. Бюджеттен каражат тартылбайт”, — деп жазат саясатчы.

Мындан сырткары өз эсебинен дарыгерлердин айлык акысы үчүн 5 млн сом жардам көрсөтөрүн да жазган.

“Кыргызстандыктарга болгон боорукердигиңиздер, камкордугуңуздар үчүн ыраазычылык билдирип, мен келе жаткан жумада 5 000 000 сомду дарыгергердин өз эсептерине которуп берем. Орточо эсеп менен 700-800дөй медкызматкерлери алат, анын ичинде дарыгерлерге 10,000 сомдон жана медайымдарга 5,000 сомдон болот.

Учурда мекемелерди жана тизмелерди аныктап жатабыз, бул дагы такталат, бирок төмөнкү беш бейтапкана дагы тизмеде:
• Улуттук госпиталь;
• Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
• Улуттук фтизиатрия борбору;
• Улуттук онкология жана гематология борбору; жана
• Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы.

Бизнес дагы оор абалга кабылганына карабастан, элибиз муктаж болгон учурда жардамдарын аябаган Ишкерлерге чоң ыракмат.
Баарыбыз биригип, коронавирус аталган ылаң чуманы жеңип чыгайлы!
Азыр бири-бирибизди же башканы сындай турган убакыт эмес, азыр бир жакадан баш чыгара турган убакыт!

Бул апаатты сөзсүз жеңебиз.
Бардыгыбызга чың ден-соолук жана узак өмүр берсин”, — деп жазган Бабанов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>