Акыркы суткада дагы 5 доктур коронавирус илдетин жуктуруп алганын Саламатттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы маалымдады.
Сутка ичинде стационардан 1 медкызматкер сакайды, үй карантинден 4 медициналык кызматкер айыгып чыкты.
- Бишкекте – 1
- Ысык-Көл – 3
- Чүй облусунда — 1
Жалпы өлкө боюнча COVID-19 оорусу 6 795 медициналык кызматкерден чыкты. Республика боюнча жалпы 6513 ак халатчан айыкты.