COVID-19: Акыркы суткада 3 адам каза болду

COVID-19: Акыркы суткада 3 адам каза болду

Акыркы суткада 570 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурларлары аймактар боюнча: Бишкек – 121, Ош – 114, Чүй облусу – 85, Ош облусу – 30, Талас облусу – 21, Нарын облусу – 5, Ысык-Көл облусу – 51, Жалал-Абад облусу – 61, Баткен облусу – 82.

Бүгүнкү күнгө чейин коронавирус 63 миң 960 адамга жуккан, анын 54 миң 774ү сакайды.

Соңку суткада 3 адам вирустан каза болду: Бишкек – 2, Ош облусу – 1. Өлкө аймагы боюнча жалпы 1 миң 185 адам илдеттен көз жумду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>