COVID-19: Атайын эсепке түшкөн акчаларды бөлүштүрүү комиссиясында кимдер бар — тизме

COVID-19: Атайын эсепке түшкөн  акчаларды бөлүштүрүү  комиссиясында кимдер бар — тизме

Коронавируска каршы күрөш үчүн топтолуп жаткан акчаны бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлүп, анын курамына 12 адам кирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Комиссиянын төрагасы болуп Өкмөттүн аппарат жетекчиси — Кылжыев Самат бекитилген. Анын оору басарлары Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров дайындалган.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Аида Касымалиева  — ЖК, вице-спикер;
Сайдулла Нышанов  — ЖК, депутат;
Турусбеков  Бактыбек  — ЖК, депутат;
Улан Маматканов — Өкмөт, бөлүм башчы;
Суеркул Абдыбалы тегин  — Каржы министринин орун басары;
Амангелди Исаев  — Айыл чарба министринин орун басары;
Максат Усубалиев — Президенттин аппараты, бөлүм башчынын орун басары;
Мирлан Атакулов  —  Саламаттыкты сактоо министрлиги;
Турдубекова  Назгүл — «Балдардын укугун коргоочулар лигасы”;
Бурулсун Сүйүналиева —» Социалдык кызматтарды өнүктүрүү фонду».

Аида Касымалиеванын айтымында комиссиянын биринчи жыйыны 30-мартта өткөн. Ал мындан ары коомчулукка комиссиянын иши тууралуу жазып турарын кошумчалаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>