COVID-19: Бир күндө 78 адамдан илдет табылды

COVID-19: Бир күндө 78 адамдан илдет табылды

Бир күндө коронавирус 78 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн 2-сентябрдагы брифингде  саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. 

Илдет жуктурган адамдар төмөнкү аймактарда:

Бишкек — 23
Ош – 1
Чүй облусу – 10
Ош облусу — 3
Нарын облусу – 5
Ысык-Көл облусу – 11
Жалал-Абад облусу – 13
Баткен облусу — 12

Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 44036га жетти. 

Ошондой эле бир күндө коронавирустан  246 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын төртөө медицина кызматкерлери.

Муну менен сакайгандардын жалпы саны 38 895ке жетти. 

Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>