COVID-19: Казакстанда 13-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды

COVID-19: Казакстанда 13-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасап, 13-июлду коронавирустан каза болгон өлкө жарандарын эскерүү үчүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

Мамлекет башчы жакындарын жоготкон казакстандыктарга көңүл айтып, аларды бул оор күндөрдө чыдамдуу жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

«Жарандар кол куушуруп отуруп калып, депрессияга алдырбашы керек. Биз эч кимди кароосуз калтырбайбыз, ар бир казакстандыктын өмүрү жана саламаттыгы үчүн күрөшөбүз», — деди президент

Белгилей кетсек, Казакстанда коронавирус илдетинен 264 адам каза болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>