COVID-19: Кыргызстанда ПЦР-тесттин баасы арзандады
Ооруларды алдын алуу департаментинде бүгүндөн тарта ПЦР-тесттин баасы төмөндөтүлдү. Бул тууралуу 13-июлда Республикалык штаб кабарлады.
ЦР-тест буга чейин 788 сом болсо, мындан ары 490 сомду түзөт.
COVID-19га акысыз ПЦР анализ тапшыруу социалдык статусуна карата акысыз медициналык-санитардык жардам алуу укугу бар категориядагы жарандарга тийиштүү:
– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
– Баткен окуяларынын катышуучуларына;
– Эмгектин ардагерлерине;
– 70 жаштан жогору улгайгандарга;
– «Баатыр эне» орденинин ээлерине;
– ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга – көрүүсү, угуусу боюнча 1, 2-топтун майыптарына;
– 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга;
– АИВ/СПИД менен жашаган адамдарга;
– 6 жашка чейинки балдарга; жетим балдарга;
– аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына.
Иш убактысы: Анализди кабыл алуу күн сайын саат 8:30дан – 15:00гө чейин.; Жыйынтыктарды берүү ошол эле күнү саат 18.00дөн 21:00гө чейин.