13 жаштагы кыздын зордукталышы: Дарыгерден ата-энелерге кеңеш

13 жаштагы кыздын зордукталышы: Дарыгерден ата-энелерге кеңеш

Сексопатолог Нурбек Моңолов Кыргызстандагы билим берүү системасына бала бакчадан тарта сексуалдык коопсуздук же сексуалдук тарбиялоо сабактарын киргизүүнү сунуштады.

Анын айтымында, мындан улам балдарга карата зордук-зомбулук азаят.

“Мындай система жок болгондуктан, мен ата-энелерге кеңеш айтууну туура көрдүм. Бала кичинекей кезинен тарта эле аны менен сүйлөшүп, ал кандай гана абалга туш болбосун, аны коргой ала турганыңызды айтып коюшуңуз керек. Ошондуктан балаңыз милицияга түшүп калабы же кандайдыр бир ызы-чууга туш болсо дагы ким болбосун аны менен жалгыз сүйлөшүүгө укуктуу эмес экенин түшүндүрүп, үйрөтүп коюушубуз керек”, — дейт ал.

Эске салсак, 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралууда. Бул кылмышка шектелип, эки милиция кызматкери (Ленин РИИБнин жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын жана борбордун Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери), дагы бир шериги, «Дордойдун» күзөтчүсү кармалган. Биринчи Май райондук соту зордуктоого шектелген төртүнчү официанттын ишин карап жатат. Төрт соттолуучу тең бири-бирин таанышат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: зомбулук

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>