COVID-19: Кыргызстанда ПЦР-тесттин баасы арзандады

COVID-19: Кыргызстанда ПЦР-тесттин баасы арзандады

Ооруларды алдын алуу департаментинде бүгүндөн тарта ПЦР-тесттин баасы төмөндөтүлдү. Бул тууралуу 13-июлда Республикалык штаб кабарлады.

ЦР-тест буга чейин 788 сом болсо, мындан ары 490 сомду түзөт.

COVID-19га акысыз ПЦР анализ тапшыруу социалдык статусуна карата акысыз медициналык-санитардык жардам алуу укугу бар категориядагы жарандарга тийиштүү:

— Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;

— Баткен окуяларынын катышуучуларына;

— Эмгектин ардагерлерине;

— 70 жаштан жогору улгайгандарга;

— «Баатыр эне» орденинин ээлерине;

— ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга — көрүүсү, угуусу боюнча 1, 2-топтун майыптарына;

— 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга;

— АИВ/СПИД менен жашаган адамдарга;

— 6 жашка чейинки балдарга; жетим балдарга;

— аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына.

Иш убактысы:  Анализди кабыл алуу күн сайын саат 8:30дан – 15:00гө чейин.; Жыйынтыктарды берүү ошол эле күнү саат 18.00дөн 21:00гө чейин.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ПЦР тест

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>