Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
COVID-19: Кытайдан дары-дармектер алынып келинди
24.07.2020 | 19:02
Бишкек шаарына коронавирус инфекциясын дарылоого колдонулуучу дары-дармектер менен жүк жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, антикоагулянттар эноксапарин жана нандропарин Кыргыз Өкмөтү тарабынан Кытайдагы элчиликтин аракеттешүүсү аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен сатып алынган.
Көрсөтүлгөн дарылар Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп берилди жана COVID-19га чалдыккандар дарыланган медициналык мекемелерге бөлүштүрүлөт.
Саламаттык сактоо министрлиги жана медициналык уюмдар күз-кыш мезгилинде вирустуу инфекциянын калк арасында жайылуусуна карата запас түзүү үчүн дары каражаттарын сатып алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом