Кыргызстанда COVID-19 менен күрөшүүгө 5,2 млрд сом коротулду

Кыргызстанда COVID-19 менен күрөшүүгө 5,2 млрд сом коротулду

COVID-19 менен күрөшүүгө 5,2 млрд сом коротулду. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди. 

“Пандемия башталган күндөн тартып республикалык бюджеттен 5,4 млрд сом каражат каралган, анын ичинен 5,2 млрд сом иш жүзүндө коротулду”, — деди өкмөт башчы.

Анын айтымында бөлүнгөн каражаттар төмөнкүлөргө жумшалган:

1) Мед жабдууларды (ИВЛ, кычк.концентраторго), ПЦР, экспресс тесттерди, реагенттерди, мед багыттагы буюмдарды, жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга;

 2) Саламаттык сактоо кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөргө;

 3) Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөргө;

4) Обсервацияларды уюштурууга, тамак-ашына ж.б. чыгашаларына;

5) аз камсыз үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен камсыздоого;

6) гриппке каршы жана пневмококко каршы вакциналарды сатып алууга;

7) Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна буудайдын жана дары-дармектердин запасын камдоого.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>