ЖМК: Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов жана Экмат Байбакпаевден коронавирус табылды

ЖМК: Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов жана Экмат Байбакпаевден коронавирус табылды

Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов жана Экмат Байбакпаевден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өздүк булактарына таянуу менен 24.kg агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, эл өкүлдөрү учурда үй карантининде дарыланууда. Илдет жеңил өтүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин коронавирус Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунан жана депутаттар Бейшеналы Нурдинов менен Бакыт Төрөбаевден аныкталганы кабарланган. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>