Дүйнөдө COVID-19 жуккандар эки миллион адамга жакындады

Дүйнөдө COVID-19 жуккандар эки миллион адамга жакындады

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуккандардын саны 2 миллионго жакындады. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сайтында айтылат.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө COVID-19 вирусу жуккандардын саны 1 миллион 924 миңден ашып, 119 695  киши бул оордан каза болду. Ал эми 445 миңден ашык адам илдеттен айыкты.

АКШ акыркы эки аптада коронавирус илдети тез жайылгандыгы жана өлгөндөрдүн саны боюнча дагы алдыга чыкты. Учурда бул өлкөдө 586 миңден ашык адамга коронавирус жугуп, 23 640 адам көз жумган.

Испанияда болсо илдетке чалдыккандардын жалпы саны 170 миңден ашты, каза болгондор 17 756.

Ал эми Италияда жалпысынан 169 миңден ашык адам илдетти жуктурса, 20 465 адам өлдү.

Бул оору Франция, Германия жана Улуу Британияда дагы көп жайылган.

Ал эми Кыргызстанда  коронавирусун жуктурган жалпы 419 учур катталды. Алардын ичинен 67 бейтап оорудан сакайып, үйлөрүнө чыгарылган. Ал эми 5 киши каза болгон. Ооруну жугузуп алгандардын ичинен 79 бейтап медицина кызматкерлери.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>