Дүйшөбаев: Тергөө жүргөнү менен Матраимовдун өзүнө кылмыш иш козголгон эмес

Дүйшөбаев: Тергөө жүргөнү менен Матраимовдун өзүнө кылмыш иш козголгон эмес

Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иш боюнча пикирин билдирди.

Анын айтымында, Матраимовго байланыштуу өлкөдөн чыгарылган 700 млн доллар жана Бажыдагы коррупция ж.б. иштер көптөн бери талкууланып келди.

“Журналисттердин иликтөөлөрүнө карабастан, Райымбек Матраимовдун өзүнө карата дагы деле кылмыш иши козголгон жок. Кезинде, Финансы полициясы жана Финансылык чалгындоо кызматы 700 млн доллардын өлкөдөн чыгарылышына Матраимовдун эч кандай тиешеси жоктугун билдирген. Бирок, жакында аны УКМКга алып барып, кайра кое беришти. Керек болсо анын күнөөсү аныкталганын, келтирилген чыгым 2 миллиард сомду түзгөнүн, аны Матраимов төлөй баштаганын билдириши. Бул жерден суроолор туулат, анын кылмыштуу иши кандайча аныкталды? Зыяндын өлчөмү кандайча 2 миллиардды түздү?”, — деди ал.

Белгилей кетсек, эки апта мурун Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалган Кеңешбек Дүйшөбаев 26-октябрда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, бүгүн журналисттерге маалымат жыйын берди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>