Бишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталды
Дааратты үйдөн алуу. Айт намазга барам дегендерге шарттар айтылды
12.05.2021 | 12:11
Эртең, 13-майда Орозо Айт намаз Бишкектеги жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Айт намаз өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулуп, таңкы саат 07:00дө башталат. Мечитке келген ар бир жаран санитардык эрежелерди так сактоосу керек.
Айт намаздын программасы:
07:00-07:15 — Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевдин куттуктоосу жана баяндамасы (имам Сарахсий атындагы республикалык борбордук мечитте);
07:15 — Айт намаз.
Муфтият намазга келүүчүлөрдү төмөнкү шарттарды так аткарууга чакырат:
- Бет каптын болуусу талап кылынат
- Ар бир адам жайнамазын ала келүү сунушталат
- Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо
- Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат
- Дааратты үйдөн алуу
- Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын келбөөсү талап кылынат
- Айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүү сунушталат
Рубрики: Жаңылыктар, Коом