Караколдо 18 жаштагы кыз жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти

Караколдо 18 жаштагы кыз жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти

Каракол шаарында белгисиз автоунаа жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-май күнү Каракол шаардык милициясына жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, ушул эле күнү болжол менен саат 16:00 чамаларында Токтогул жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз ак түстөгү автоунаа аны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткенин билдирген. Жабырлануучу алган жаракаты менен Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына медициналык жардам менен кайрылган.

Аталган арыз боюнча 155-берене (Автомототранспорттук каражаттардын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жабырлануучу адамга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Жол-кайгуул кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу аныкталган. Айдоочу 18 жаштагы кыз болуп чыккан жана анын «Windom» үлгүсүндөгү автоунаасы айып короого киргизилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>