“Дагы деле ишене албайм!”: унаа утуп алуу бактысы Бишкектин тургунуна кантип буйруду
26 жаштагы финансылык серепчи Молдосадык уулу Бекназар жаңы Kia Cerato унаасынын ачкычын алды.

Kia Center Bishkek борборунда Яндекс Goнун “Сейф” акциясынын жеңүүчүсүн сыйлоо аземи болуп өттү. Молдосадык уулу Бекназар Luxe деңгээлиндеги жаңы, ак Kia Cerato седан үлгүсүндөгү унаанын бактылуу жеңүүчүсү болуп калды.
Акциянын эрежесине ылайык, катышуучулар тиркеменин ар кандай сервистик кызматтарын колдонуп, тапшырмаларды аткарат. Мисалы, Яндекс Транспортто каалаган тарифте жол жүрөт, буюм жана даяр тамакты жеткирүүгө буйрутма берет же маршрутту түзүшү керек. Ар бир ийгиликтүү аткарылган тапшырма үчүн оюнчу виртуалдык сейфтин ачкычын жана оюн монеталарынын көчүрмөсүн алат. Аларды атайын белек дүкөнүндө баалуу сыйлыктарга алмаштырууга болот: промокод, жазылуу, бонус, жада калса унаа. Канчалык көп монета болсо – ошончолук кыялга жакыныраак!

“Акция тууралуу билдирүүнү көрүп, шарттарын окуп чыгып – балким жолум болуп калаар деп, аны сынап көрөйүн дедим. Мен өзгөчө деле көп күч жумшаган жокмун, бирок тапшырмаларды күн сайын аткарып жаттым. Башында унаа утуп алам деп ойлогон жок элем, эми бактыма ишене албай олтурам! Жакындарыма азырынча эч нерсе айта элекмин – алар үчүн бул чыныгы сюрприз болот”, – деп жеңүүчү эмоциялары менен бөлүштү.
Бекназар коммерциялык банктардын биринде финансылык серепчи болуп иштейт. Ал азырынча унаа айдабастыгын мойнуна алды. Эми анын айдоочулук күбөлүк алышына эң мыкты шыктануу пайда болду.
“Мен Яндекс Gону 2019-жылдан бери колдоном: таксиге, жеткирүүгө, өзү жүрүүчү чыгырыкты ижарага дайыма буйрутма кылып турам жана Яндекс Плюстун катталуучусумун. Бул ыңгайлуу, үнөмдүү жана жеңил” — деп кошумчалады, Молдосадык уулу Бекназар.

Унаанын ачкычын тапшырып жатып, Яндекс Кыргызстандын жетекчиси Тилек Сулайманов Бишкектин тургунун жеңиши менен куттуктады:
“Технологиялар адамдардын жашоосун жеңилдетип, кызыгыраак кылышы керек. Биздин тиркеме аркылуу ар бир буйрутма кылууда — жол жүрүүгө, жеткирүүгө же өзү жүрүүчү чыгырыкты ижарага алууда — кыргызстандыктар пайда гана көрбөстөн, ырахат алышын камсыздоого аракет кылабыз. Биздин жеңүүчүбүз ушуларды сезе алганына абдан кубанычтабыз. Сиздин ишенимдүү унаа сүйүүчү болушуңузду каалайбыз. Коопсуз жана жеңил жол болсун!”