Ош шаарынын 3026 жылдыгы белгилендиОрусияда жаңы штаммдарга байланыштуу гриппке каршы вакциналар жаңыртылдыБишкектин Кара-Жыгач конушунда 6-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөт«Бишкек Аренанын» ачылышында 5 миң милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайтАдылбек Касымалиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады«Кыргызстан үчүн 100 идея» республикалык жаштар сынагы жарыяланды
Дагы Ленин району. Салык кызматкерлери пара талап кылууга шектелип кармалды
04.09.2025 | 12:19

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, Мамлекеттик Салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери 100 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды.
Мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында топтолгон маалыматтардын негизинде, 2-сентябрда бөлүм башчысы Т.У.Х. жана башкы инспектор О.У.Ж. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалышкан.
Тергөө иштеринин жыйынтыгында кызматкерлер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
“Учурда УКМК фискалдык жана башка органдардагы коррупцияга каршы активдүү иштерди улантууда”,-деп айтылат маалыматта.