Дайынсыз болуп жаткан Жеңишбек Касымбеков изделүүдө

Дайынсыз болуп жаткан Жеңишбек Касымбеков изделүүдө

Дайынсыз болуп жаткан Жеңишбек Касымбеков изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Панфилов районунун 25 жаштагы тургуну Касымбеков Женишбек Алмазбекович 14-сентябрда саат 11:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.   

Буга байланыштуу жакындары аны табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп укук коргоо кызматкерлерине кайрылган. 

Өзгөчө белгилери: Бою 170-175 см, арыкчырай, чачтары кыска кыркылган, көзү кара.

Ошол күнү көк түстөгү  футболка, кара түстөгү шорта, бутунда көк түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Жеңишбек Касымбековду көргөн билгендер болсо төмөнкү номерлерге кабарлап коюсун жакындары жана укук коргоо органдары өтүнөт.

0702 31 75 22,

0557 08 03 87,

0701 79 00 18,

0312 60 79 89;

0555 01 30 00

03137 51402.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>