Кыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилетСузакта алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга эркинен ажыратылдыОшто соцтармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалдыКыргызстандык мектеп окуучулары эң мыкты дилбаян үчүн Швейцарияга саякат утуп алышат
Дайынсыз жоголгон 68 жаштагы Сотциал Борончиев табылды
21.04.2021 | 12:56
68 жаштагы Сотциал Борончиев Бишкектен табылды. Бул тууралуу ыктыярдуу куткаруу отрядынын координатору Катерина Клевакова билдирди.
«Эс-тутумунун начарлашынан жапа чеккен карыя бир күн мурда саат 22.30да Кызыл-Аскерден табылды. Ал коомдук транспортко түшүп, акыркы аялдамага жеткен, бирок үйүнө кайтып келген жолду унутуп калган. Борончиевде баары жакшы, анын өмүрүнө эч кандай коркунуч келген эмес», – деди ал.
Пенсионер, 20-апрелде Аалы Токомбаев атындагы көчөдө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом